КАМЫРДАН КЫЛ СУУРГАНДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жигин билгизбей, кылдаттык менен, шек алдырбай, эптүүлүк менен. – Алпым, сени калайык катуу аңыз кылат, сазга тыгылган тайды камырдан кыл сууругандай тартып алган... («Кыргызстан маданияты»). Камырдан кыл сууругандай иш кылып, Жылма кайрак карап турат жалбырап (Маматова). «Мазар таш» колдоп, камырдан кыл сууругандай болуп кеткиң бардыр, айланайын (Кыдырмышев). Садыр ал ишти камырдан кыл сууругандай бүтүрдү («Ала-Тоо»).